Жаңылыктар
АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскерин жөнөтөт
Дүйнө
АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскерин жөнөтөт

АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскер кызматкерин жөнөтөт. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шэнахан кол койду.

Пентагондун билдирүүсүндө бул Ирандын аймактагы душмандык аракеттерине жооп экени белгиленген.

АКШнын Коргоо министрлиги 17-июнда Оман булуңунда эки мунай танкерине кол салууга Ирандын катышы бар деген мазмундагы кошумча сүрөттөрдү жарыялаган. Иран бул чабуулга тиешеси бар экенин четке кагууда.

Кечээ Тегеран 27-июнга карата байытылган урандын көлөмүн 2015-жылдагы келишимде көрсөтүлгөн чектен ашыра турганын эскерткен. Ага чейин Ирандын президенти Хасан Роухани эгер өзөктүк макулдашууга кол койгон тараптар эч кандай «оң» белги бербесе, анда Тегеран документте белгиленген шарттарды аткаруудан баш тарта берерин билдирген.

Кошмо Штаттар өзөктүк келишимди адилетсиз деп атап, андан былтыр майда чыгып кеткен. Ал макулдашууга ылайык, Иран өзөктүк куралды иштеп чыгуусун токтотуп, бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген санкциялар акырындык менен алынмак. Вашингтон макулдашуудан чыккандан кийин Иранга карата киргизилген айрым санкцияларды кайрадан калыбына келтирген.

Бир ай мурда Пентагон Жакынкы Чыгышка бир жарым миң аскер кызматкерин жөнөтүп, бул кадамын Иран менен болгон мамиленин курчуп кеткендиги менен түшүндүргөн.