Жаңылыктар
КТРКда “Журналист- сабат үлгүсү” көрсөтүүсү тартылды
УТРК жаңылыктары
КТРКда “Журналист- сабат үлгүсү” көрсөтүүсү тартылды

Коомдук каналда журналисттер менен тилчи-лингвисттердин катышуусунда “Журналист- сабат үлгүсү” деген аталыштагы суроо-жооп иретиндеги кереге кеңеш болуп өттү. Жыйындын максаты талаш жараткан айрым сөздөрдү тилчилер менен талкуулап, бир чечимге келүү. 

Иш-чара жалпы журналисттердин сабатын арттыруу, жазуу жана оозеки маданиятын өркүндөтүү, журналистика тилиндеги туура эмес сөздөрдөн арылтууга карата уюшулган. Тилчилер массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү туура эмес сөздөрдү көп колдоноорун белгилешти.

"Журналист коомдун күзгүсү. Алар берген маалыматтар көп мите сөздөр колдолунуп кетет тилекке каршы. Биз ошолорду талкуулап бир пикирге келели деп жатабыз",- деди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев.