Жаңылыктар
Кыргызстандык өндүрүшчүлөргө Кытайдын базарларына кеңири жол ачылды
Экономика
Кыргызстандык өндүрүшчүлөргө Кытайдын базарларына кеңири жол ачылды

Кыргызстандык өндүрүшчүлөр үчүн Кытайдын дээрлик бардык базарларына кеңири жол ачылды. 

Мындай ийгилик Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынын алдында мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон макулдашуулардан соң жетишилди. 

Эки тараптын бул макулдашуусунун негизинде эми Кыргызстандан өндүрүлгөн сүт продукциялары Кытай өлкөсүнө экспорттоло баштамай болду.

Адегенде ар бир өндүрүшчү өзүнүн азыктарынын сапатын жакшыртуусу керек. Бул жагынан акырындап болсо да тажрыйба бар. Анткени Евразия экономикалык биримдигиндеги үлгүлөргө ылайыкталып жиберилген сүт азыктарынын жыйынтыгынан көрүнүп тургандыгын айтышат ондуруучулор.

Мындан тышкары Кыргызстан Кытай өлкөсүнө буудай унун да жиберсе болот. Бул багытта иш алып барган республикада 31 орто жана ири ишкана менен 3 000 тегирмен бар. 

Буга чейин акырындык менен иш алып барып жаткан ишкана мекемелер эми кыргыз-кытай келишиминен кийин толук кубаттуулукта иштейт башташаары күтүлүүдө. 

Кол коюлган токтомдорго ылайык, Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу товарлардын айрымдары автооунаа менен жеткирилет. 

Жагдайдын жышааны менен ишкерлер товарларын өздөрү алып барып, сатканга мумкунчулук түзүлдү.