Жаңылыктар
"Жеткиликтүү турак жай - 2015-2020": пайыздык үстөктөр азайтылат
Экономика
"Жеткиликтүү турак жай - 2015-2020": пайыздык үстөктөр азайтылат

Азим Эсенбаевдин үй-бүлөсү көп жылдан бери батирде жашап, тапкан ташыганынын баарын ижара акысына сарпташчу. Жеткиликтүү турак-жай программасы аркылуу жакында үйлүү болуп, эми минтип өз үй, өлөң төшөк дегендей, 3 бөлмөлүү үйгө ээ болушту.

31 000 долларга 3 бөлмөлүү үй алдык. Ошондо 30 пайызын төлөп, калганын 15 жылга бөлүп берди. Мурда квартирага 12 000 сомдон төлөп жашачубуз, азыр болсо 13 000ден банкка төлөп атабыз айына. Бирок өз үйүбүзгө төлөп атабыз да. Бутту кенен чоюп жыргап калдык, - деп билдирет Азим.


Ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр бул арада 12-14 пайыздан 7-9 пайызга чейин төмөндөгөн. Быйыл жыл аягына чейин ипотеканын пайыздык үстөгүн 6 пайызга чейин төмөндөтүү аракеттери көрүлүп жатат.

Ошонун үстүндө иштеп атабыз банктар менен сүйлөшүп атабыз. Ишти жакшыртуу боюнча иштеп атабыз, эң негизгиси электрондук кезекти киргизебиз, ноябрга барып ишке кирип калат. Бул аябай жарандардын документтерди өткөрүүдө ишин женилдетет, - деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова.



Арзан турак жай компаниясы башталгандан бери биринчилерден болуп кызматташа баштаган “Айыл банк” 2 000ге чукул үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоого жетишти. 

Өзгөчө аймактардагы бюджеттик мекемелерде иштеген жарандарга басым жасалып, үйлүү болгондордун көбүнчөсү айыл жергесинде.



Жеткиликтүү турай жай компаниясы ишке киргенден тарта, жалпы жонунан 4 200 үй-бүлөө үй менен камсыз болду. Компания ушул күнгө чейин жалпысынан суммасы 4 млрд сомдон ашык насыя берди.