Жаңылыктар
Ооганстан: жардыруудан жабыр тарткандар арбын
Дүйнө
Ооганстан: жардыруудан жабыр тарткандар арбын

Ооганстандын борбору Кабулда бүгүн эртең менен жардыруу болду. Жардыруу ооган министрликтери, АКШ элчилиги менен НАТО миссиясынын штаб-квартирасынан алыс эмес жерде орун алганын Deutsche Welle жазып чыкты. Ооганстандын ички иштер министрлиги көп адам жабыркаганын кабарлады. 

Ооруканага 40 ашык адам жеткирилди. Буга чейин Ооган президенти Ашраф Гани кол салуунун натыйжасында бир топ адам каза болуп, дагы бир нече адам жабыркаганын билдирген. 

Эртең мененки жардыруудан кийин эл жык жайгашкан аймакта жарым саатка созулган ок атышуу болду. Жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек. АКШ элчилигинин имараты жабыркаган жок. Жардыруу үчүн Талибан радикалдык кыймылы жоопкерчилик алды.