Жаңылыктар
Кыргызстан-Индия карым-катнашы дагы бир тепкичке жогорулады
Саясат
Кыргызстан-Индия карым-катнашы дагы бир тепкичке жогорулады

Кыргызстан менен Индиянын саламаттык сактоо тармагындагы тыгыз кызматташып келет. Мисалы, буга чейин Индия кыргыз тарапка онкологиялык илдетке кабылгандарды дарылоочу “Бабатрон -2” жабдуусу Бишкектеги ооруканага орнотулган. 

Индиядан жардам катары келген гамма-нур терапиясын өткөрүүчү жабдуу бардык шишик ооруларына даба. Мындай аппарат өлкө боюнча азырынча бирөө эле бар. Анын келиши бир топ маселени чечкен.

Индия премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий сапарында эки өлкө ортосунда биомедициналык изилдөөдө жана Саламаттык сактоо жаатында өз ара түшүнүшүү тууралуу эки меморандум түзүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен келишимдер кагаз жүзүндө калбасын айтып, кайсы багыттар боюнча кызматташа турганын билдирди.

Кол коюлган документтерди чоң жетишкендик катары караса болот. Анткени Индиянын медицинасы илгертен бери уланып, азыр дүйнөдө алдыңкылардан болуп эсептелет. Эми келишимдерди ишке ашыруу максатында эки өлкө тарабынан биргелешкен жумушчу топ түзүлүп, иш алып барылат.