Жаңылыктар
Бүгүн өлкө башчы Жогорку Кеңешке келет
Саясат
Бүгүн өлкө башчы Жогорку Кеңешке келет

Өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү бүгүн, 19-июнда ант беришет. Алардын ант берүү аземи президент Сооронбай Жээнбековдунжана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коштоосу менен болот.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков ант берүү аземи саат 10:00дө баштала турганын айтты. Учурда депуттар Эсептөө палатасынын 2018-жылы аткарган иши боюнча төрага Улукбек Мариповдун отчетун угууну улантып жатышат.