Жаңылыктар
«Түндүк электр» май айында 40,6 млн сом чогултту
Экономика
«Түндүк электр» май айында 40,6 млн сом чогултту

Май айында «Түндүк электр» бөлүштүрүү тармактарына 376,8 млн кВт. саат электр энергиясы берилди. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,7 млн кВт. саатка көп, деп маалымдайт ишкананын басма сөз кызматы.

«Түндүк электр» бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 460,5 млн сомду түзгөн. Ал эми чогултулган сумма 40,6 млн сом (119,9 %) болду.

Май айында чогултулган төлөм:

- калк арасында 129,5 %;

- бюджеттик уюмдардан 129,5 %;

- өндүрүштүк объектилерден 114,3 %;

- башка керектөөчүлөрдөн 109,2%;

- айыл чарба объектилеринен 101,3 %.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу:

- борбор калаада 111,7%;

- Чүй облусунда 126,3 %;

- Талас облусунда 147,5 % түздү.