Жаңылыктар
Назарбаев ГЭСтерге байланыштуу Өзбекстандын пикирин колдойт
Саясат
Назарбаев ГЭСтерге байланыштуу Өзбекстандын пикирин колдойт

Казак, өзбек лидерлеринин өткөн аптада Ташкенттеги жолугушуусунда Борбор Азиядагы ГЭСтердин курулушуна каршы пикирлери айтылды.

Ташкентке кайсы даражалуу мейман барбасын өзбек бийлиги Кыргызстан менен Тажикстандагы ГЭСтердин курулушуна байланыштуу маселени козгоп келет. Мындай көрүнүштү эске алганда бир чөлкөмдө жайгашкан коңшу Казакстандын президентинин сапарынын алкагында аталган темада сүйлөшүү жүрбөй коюшу мүмкүн эмес эле. Маселе Астананын карманган позициясында жатат. Нурсултан Назарбаев ГЭСтерге байланыштуу Өзбекстандын пикирин колдойт, бирок бир шарты бар. Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө кабыл алынышы үчүн Ташкенттин добушу керек. Дал ушул жагдайдан улам Астана ГЭСтердин курулушуна чындап каршыбы же анын позициясын соодалашуунун натыйжасы аныктап жатабы деген суроо жаралбай койгон жок. 

 Кыргызстан менен Тажикстандын ири энергетикалык долбоорлору болгон Камбар-Ата, Рогун ГЭСтеринин курулушу Ташкенттин канчалык тынчын алып жатканын өзбек расмий өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнөн баамдоого болот. Бирок, коңшу өлкөгө баш баккан дүйнө саясатчыларынан дайым эле колдоо таба бербейт. Былтыр ноябрь айында АКШнын Мамлекеттик катчысы Джонн Керри Борбор Азияга жасаган иш-сапары учурунда ГЭСтердин курулушу чөлкөмгө коркунуч жаратпастыгын белгилеген.  Ал эми казак лидеринин пикири ага карама-каршы. Назарбаев менен Каримов Ташкенттеги жолугушууда коңшуларын гидрокурулуштарды жүргүзүүдө эл аралык талаптарды сактоого чакырышты. Бирок, Астананын бул жаатта колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө кабыл алынуусуна зарыл болгон Өзбекстандын добушун өтүнгөнү өзгөчө көңүл бура турган жагдай. Деген менен Энергетика тармагындагы адис Карыпбек Алымкулов коңшулардын эки президенттин билдирүүсүн жогорудагы соодалашууга байланыштырбайт. Негизги себепти чөлкөмдөгү атаандаштыктан, саясий кызыкчылыктардан көрөт.

Бул пикирге талдоочу Жумакадыр Акенеев да кошулат. Ал казак президентинин Ташкентке колдоо көрсөтүп жатканына таң калганын жашырбайт. Ири ГЭСтердин курулушу чөлкөмгө суу тартыштыгын да, жаратылыш кырсыгын да алып келбестигин, муну советтик доордо өзбек илимпоздору тастыктаганын белгилейт. Гидроэлектростанциялар Кыргызстан менен Тажикстанга гана эмес, чөлкөмдөгү баардык өлкөлөргө пайда алып келет деген пикирде.

Адистер өз бүтүмдөрүн чыгарганы менен Ташкент ага ишенбегендей түр көрсөтөт. Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов ГЭСтер олуттуу зыян алып келээрин Бириккен Улуттар Уюмунун бийик трибунасында эки ирет кайталаган эле.

Бул коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министринин айткандары. Ал эми өзбек президенти Ислам Каримовдун Борбор Азияда суунун айынан согуш чыгып кетиши мүмкүн экенин кыйыткан жайы бар. ГЭСтерди куруу маселесинде чөлкөмдө ача пикир болгону менен, карама-каршы позицияны  кармангандар маселени бирге олтуруп талкуулай элек. Серепчи Бакыт Бакетаев сүйлөшүүлөр зарыл экенин айтат.

Коңшу өлкөнүн каршылыгын пайда кылган Кыргызстандагы ири энергетикалык станциялардын курулушу токтоп турат. Бишкек аларга инвестор издеп, ошону менен бирге чакан ГЭСтердин келечегине да үмүт артууда. Ташкентти эми кичи гидрокурулуштар да чоочулатпайбы деген суроо жаралбай койгон жок.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”