Жаңылыктар
Атамбаевдин тарапташтары: "Түзүлгөн депутаттык комиссия мыйзамдык нормаларды бузууда"
Саясат
Атамбаевдин тарапташтары: "Түзүлгөн депутаттык комиссия мыйзамдык нормаларды бузууда"

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караган депутаттык комиссия корутунду чыгарды. 

Ага ылайык экс-президентке коюлуп жаткан 9 бөлүмдөн турган айыптоонун 6ну кароого негиз бар деп табылды. Калган 3 иши Атамбаев президенттик кызматты аркалап турган учурга дал келбейт. 

Комиссиянын корутундусун Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери да карап, маселени жалпы жыйында талкуулоо чечими кабыл алынды.

Ал арада мурдагы президенттин тарапташтары Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия мыйзамдык нормаларды бузуп жатканын билдиришти. 

Юрист Нурбек Касымбеков "Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу документте парламент мурдагы президентти "экс" макамынан ажырата алат деген норма жок экенин маалымат жыйында билдирди. 

Ал эми Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов - Алмазбек Атамбаев коюлуп жаткан айыптарга расмий түрдө документ келсе жооп берүүгө даяр экенин билдирди.