Жаңылыктар
Милиция кызматкерлери тарабынан жасалма акча чыгарган деген шек менен эки киши кармалды
Кылмыш
Милиция кызматкерлери тарабынан жасалма акча чыгарган деген шек менен эки киши кармалды

Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан жасалма акча чыгарган деген шек менен эки киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 16-июнунда Лебединовка айылынын 39 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал белгисиз эки киши 16-июнда 8000 еврону жасалма акчага алмаштырып кеткенин билдирген. Алданган жаран 616 миң сом чыгым тарткан.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары 29 жана 25 жаштагы эки жаран кармалды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.