Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун кабыл алды
УТРК жаңылыктары
Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун кабыл алды

Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңешинин “КТРКнын 2018-жылдагы иши” тууралуу отчетун кабыл алды. Былтыркы жылы тарыхый маанидеги иш-чаралар өлкөнүн коомдук каналы тарабынан кеңири чагылдырылып, дүйнөгө түз эфирлер уюштурулганы аткарылган негизги иштер катары белгиленди. Ошондой эле, жыйында 2018-жылы гана эмес, соңку айларда да жасалган маанилүү иштер тууралуу да маалымат берилди.

КТРКнын ишмердүүлүгү өлкөдө болуп жаткан окуяларды, маанилүү иш-чараларды чагылдыруусу менен бааланат. Былтыр коомдук канал тарабынан кеңири көрсөтүлгөн тарыхый окуялар көп болду. Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү көрсөтүүлөрдүн мазмунуна, багытына жана КТРКны каржылоо маселелерине токтолушту. Аймактардагы окуяларды, жетишкен ийгиликтерди чагылдыруу маселеси да көтөрүлдү. Бул үчүн эфирден кеңири убакыт берүү сунушу айтылды.

КТРК жетекчилиги аймактардагы абалды чагылдырууга жетиштүү маани берилип жатканын белгиледи. Корпорациянын ар бир облуста кабарчылар бөлүмү бар. Алар айрыкча социалдык көйгөйлөргө көңүл бурушат. Жаңы долбоорлор да элеттеги элдин кайрылууларынын негизинде иш алып барууга багытталган.

Байкоочу Кеңештин корпорациянын былтыркы жылдагы иши тууралуу отчету кабыл алынды. Ал эми өлкөнүн Россия менен кызматташуусу, эмгек мигранттарынын көптүгү эске алынып Москва шаарында кабарчылык бөлүм ачылганы жана корпорацияга таандык эки канал HD форматы менен көрсөтө баштаганын КТРКнын жетекчилиги соңку айларда жетишилген ийгилик катары белгиледи.