Жаңылыктар
Ак-Муз айылын тынчын алган альвеококкос оорусу
Ден соолук
Ак-Муз айылын тынчын алган альвеококкос оорусу

Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 20 окуучудан альвеококкос оорусу аныкталганы боюнча маалымат тарап, коомдо талкуу жаратты. Жергиликтүү элдин айтымында, муну Бишкектен келген дарыгерлер калкты медициналык кароодон өткөрүү маалында аныктаган. Бирок биздин чыгармачыл топ айылга барганда элеттеги медицина бөлүмү жана айыл өкмөттөгүлөрдүн бул туурасында кабары жок экени маалым болду.

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылы. Мында 15 күн мурун жаш балдарды Бишкектен келген дарыгерлер текшерген. Дал ошол текшерүүнүн жыйынтыгы менен 20 окуучуда альвеококкоз курту бар экени аныкталган.

А бирок жергиликтүү дарыгерлер айылда мындай массалык түрдө бул илдетке чалдыгуу мүмкүн эмес экенин билдиришет. Буга чейин каттоого алынганы 4 тургун болгон. Атүгүл мындагы саламаттык сакчыларынын борбордон дарыгерлер келип, окуучуларды текшерип кеткенинен да кабарлары жок болуп чыкты.

Альвеококкоз куртунун личинкаларынын ташуучусу негизинен үй жаныбарлары мал-жандыктар жана жапайы жаныбарлар болуп эсептелет. Убагында ветеринардын көзөмөлүнөн өтпөгөн ит мышыктарды кармап же жүнүнөн сылаган соң, колду таза жуубай оозуна тамак алган кишинин ичине курт кирип, кийин ал кан аркылуу боорго барып жабышып, жашап алат.

Ак-Муз аймагында бул илдет менен күрөшүп, алдын алуу үчүн жылына айыл өкмөттөн 30 миң сом акча бөлүнөт. Ал каражат жолбун ит, мышыктарды жок кылууга багытталат. Быйыл эле кышында жалпы 150гө чукул ит атылган. Бирок акыркы маалыматты алганда мындан майнап чыкпаган өңдүү..

Айылды дүңгүрөткөн жаңылык жергиликтүү элдин тынчын алды.

Коркунучтуу илдетти аныктап, текшерип кеткен доктурлар менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми жергиликтүү дарыгерлер эми абалды колго алып, элди бул өңдүү жугуштуу оорулардан сактанууга, жана алдын алууга аракет кылып, жаш балдар арасында ит мышыктан этият болуп, таза жүрүүгө үйрөтүүсү зарыл.