Жаңылыктар
Чет элдик кардарлардын кызыгуусун арттырган алча жемиши
Айыл чарба
Чет элдик кардарлардын кызыгуусун арттырган алча жемиши

Ош облусунун Араван району - ширелүү алчанын мекени катары белгилүү. Аймакта жылына мөмө жемиштин бул түрүнөн 800 тоннадай түшүм жыйналат. Мунун 600 тоннасы сыртка экспорттолот. Туруктуу кардарлары, Орусия жана Кытай мамлекеттери. Маселен аравандык дыйкандардын аракети менен эле соңку бир айдын ичинде Кытайга 35 тонна кокон гилас экспорттолгон. 

Соңку жылдары Оштогу багбандар алча өстүрүүгө ыктай баштады. Анткени бул ширелүү жемишке бир гана ички эмес, чет элдик рынок да кызыгып, суроо талап өсүп жатканы себеп. Кирешелүү мөмө жемиш иретинде кабылданган дарактын аянты Араван районунда эле акыркы эки жылда 170 гектарга кеңейген. Өрөөндө жалпы 270 гектар аянтта кокон гилас дарагы бар.

Кокон гилас- дыйканчылык менен гана алектенген аравандыктардын негизги киреше булагы болуп калды. Багбан Токтосун Бакировдун айтымында, быйыл жемишке болгон баа былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге жогору болуп, эл эмгеги акталууда. Мындай жагымдуу жагдай, Кыргызстандын алчасынын экологиялык тазалуулугу, нукуралуулугу жана мөмөнүн көлөмдүүлүгү, ширесинин көптүгү менен түшүндүрүлөт.

Негизинен багбандар жемишти сатууда бир гана маселе бар экенин айтышат. Ал кардар сураган ири көлөмдү камсыздоо көйгөйү. Андыктан бул муктаждыкты эске алган жергиликтүү багбандар башын бириктирип, кооператив түптөшкөн. Топтун башчысы, багбандардын өтүнүчү менен логистикалык борбор курган. Жемиш сактоочу жай, заманбап жабдуулар менен жабдылып, сыйымдуулугу - 1000 тонна. Муну менен жемишти коромжусуз, дүңүнөн дүйнөлүк рынокко экспорттоого мүмкүнчүлүк жаралды. Соңку бир айдын ичинде эле Кытайга 35 тонна алча экспорттолду. Негизги эле кокон гиластын эң олуттуу кардары - Кытай мамлекети.

Борбор - багбандардан жемишти дүңүнөн килосун 130дан 240 сомго чейин сатып алат. Мында - продукцияны сатып алуудан тартып, аны жууп-тазалоо, сорттоо, таңгактоо жумуштары жүрөт. Бул үчүн 20дай жаңы жумуш оруну түзүлгөн.

Аймактан жылына 800 тоннадай алча жыйналат. Түшүмдүн 600 тоннасы сыртка экспорттолот.