Жаңылыктар
Ош базары башаламан соода жүргүзгөндөрдөн тазаланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ош базары башаламан соода жүргүзгөндөрдөн тазаланууда

Бишкек шаарындагы Ленин акимиаты Ош базарынын тегерегиндеги өздөрүнө тиешелүү аймакта мыйзамсыз соода жүргүзгөндөрдү жок кылуу максатында рейд жүргүзүүдө. Ош базарындагы бул рейддин жүрүшүндө башаламан соода кылган күркөлөр, жайма базарлар алынууда. Рейдди аталган акимиаттын кызматкерлери Ленин райондук ички иштер башкармалыгы, Муниципалдык аймактык башкармачылык жана "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери биргеликте жүргүзүүдө.

Башаламан соода жүргүзүүлөрдөн Киев-Кулиев, Чүй-Кулиев, Киев көчөсү Кулиевден Бейшеналиевге чейин, Бейшеналиев-Чүй, Бейшеналиев-Киев, Чүй көчөсү Кулиевден Бейшеналиев көчөлөрүнө чейин тазаланууда.

Соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тамак-аш азыктарын мындай шарттарда сатууга болбой тургандыгы айтылууда. Бирок ага карабастан соодагерлер каршылык көрсөтүп, рейд жүргүзүүгө каршылыктарын көрсөтүүдө. 

Муниципалитеттен билдиргендей, көчөдөгү башаламан тамак-аш азыктары менен соода жүргүзүү өзгөчө ысык күндөрдө адамдардын ден соолугуна өтө коркунучтуу.