Жаңылыктар
Москвадагы кыргыз жараны бычактан алган жараттан каза болгон
Кылмыш
Москвадагы кыргыз жараны бычактан алган жараттан каза болгон

Москва шаарында кыргызстандыктардын арасында массалык мушташ чыгып, арасында жарандын каза болгондугу тууралуу маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалымат иликтенди. Элчиликтин жана ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан аталган окуя үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда саат 05.30. чамасында Москва шаарынын “Электрозаводская” метросунун айланасында болгондугу аныкталды. Бычактан алган жаракаттан улам Кыргызстандын жараны каза болгон. 

Россиянын Башкы Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Чыгыш автономиялык округу боюнча Тергөө башкармалыгынын Измайловский райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан адам өлтүрүү кылмыш иши козголду. Азыркы кезде адам өлтүрүү кылмышына шектүү адамдарды кармоо боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча тийиштүү документтер жасалууда.