Жаңылыктар
Парламентте экс-президент Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча маселе каралып жатат (түз эфир)
Саясат
Парламентте экс-президент Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча маселе каралып жатат (түз эфир)

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселеси Жогорку Кеңеште каралууда.

Жыйында Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралып жатат.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилге парламентте өткөн аптада көтөрүлүп, комиссия түзүлгөн. Демилгечи топ Атамбаевге тогуз кине койгон.

Эреже боюнча, комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 60 добуш алса прокуратурага жөнөтүлөт. Прокурор өз пикири менен кайра депутаттарга кайтарат. Андан кийин 80 депутат макулдугун берсе кол тийбестик алынат.