Жаңылыктар
Бишкектеги май куюучу жайлар өрт коопсуздук эрежелерине жооп береби?
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги май куюучу жайлар өрт коопсуздук эрежелерине жооп береби?

Бишкектеги 32 май куюучу жайлар өрт коопсуздук эрежелеринин талаптарына жооп бербейт. Борбор калаанын вице-мэри Уланбек Азыгалиевдин айтымында, Бишкекте 98 май куюучу жай иштейт, алардын үчөө азырынча жабык. "Мурда, шаардын генпланы иштелип чыкканга чейин май куюучу жайларга убактылуу уруксат кагаздары берилип кеткен. 

Ал кезде документтер бардык талаптарга жооп берчү, анткени айлана-тегеректе турак үйлөр жок эле. Азыр болсо, жаңы конуштар пайда болуп, үйлөр курулуп кетти. Бул маселени комплекстүү түрдө караш керек", - деди вице-мэр. Ал тиешелүү ишканаларды май куюучу жайларга берилген жердин ижара келишимин узартпоого чакырды.