Жаңылыктар
Россия-Кыргыз өнүгүү фонду аймактагы ишкерлерди колдойт
Экономика
Россия-Кыргыз өнүгүү фонду аймактагы ишкерлерди колдойт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү» деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын аткаруунун алкагында Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кепилдик фондго кошумча 100 млн сом берди.

Жалпысынан азыркы учурда Россия-Кыргызстан өнүгүү фонду аймактык ишкерлерге кепилдик берүү үчүн 300 миллион сом бөлүп берди.

Фонддун каржылоосунун алкагында Кепилдик фонд аймактык перспективдүү долбоорлору бар, бирок, кредит алуу үчүн күрөөсү жетишпеген ишкерлерге кепилдик берет. Кепилдиктер артыкчылыктуу багыттардагы долбоорлорго берилет: айыл чарба жана кайра иштетүү, жеңил өнөр жай жана башкалар.

Бүгүнкү күнгө Россия-Кыргызстан өнүгүү фонду каражатынан 109 кепилдик берилген, алар аркылуу ишкерлер ААК “ГФ” өнөктөш банктарынан 600 млн сомго каржылоо алышты.