Жаңылыктар
Кол тийбестик маселесин кароодо Атамбаев чакырылат
Саясат
Кол тийбестик маселесин кароодо Атамбаев чакырылат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча маселе каралган күнү Атамбаев Жогорку Кеңеште расмий чакырылат. Бул туурасында депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Атамбаевди азыркы макамынан ажыратуу боюнча жыйындарга эмнеге ал чакырылган жок деген эл өкүлү Асел Кодуранованын суроосуна жооп берип жатканда белгилүү болду. 

"Иммунитетин алуу чечими каралган күнү Атамбаевди расмий түрдө чакырабыз. Бирок, буга чейинки жыйындарыбыздын бардыгы ачык өттү. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы каалоочуларга эшик ачык деп айткан. Ал эми расмий чакыруу жибербегенибиздин себеби бар. Юристтер менен кеңешсек, катты почта аркылуу жөнөтүшүбүз керек экен. Ал кат өтө кеч жетмек", — деди Иманалиев.