Жаңылыктар
Кыргызстан менен Казакстан мунай тармагында кызматташат
Экономика
Кыргызстан менен Казакстан мунай тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан мунай тармагындагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча макулдашуу долбоорун талкуулады.  Сүйлөшүүлөр  Казакстандын Нур-Султан шаарында өттү. 

Маалыматка ылайык, өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары  боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев кыргыз делегациясын  жетектеп барды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар мунай жана мунай тармагындагы соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу үчүн ички жол-жоболорду мүмкүн болушунча  тездетүү макулдашылды.