POST1RIGHT
Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону «Дордой» Азия Футбол Конфедерация Кубогунун тайпалык этабынын кезектеги оюнунда Түрмөнстандын «Алтын Асыр» командасына 3:1 эсебинде жеңилип калды. Александр Крестининдин шакирттери тайпалык этаптын 5-турунда Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» клубу менен Ашхабад шаарындагы «Копетдаг» стадионунда беттешти. Дордойдун дарбазасына кирген 3 голдун бирин Кыргызстандык кураманын капитаны Азамат Байматов киргизди.