Жаңылыктар
Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча токтом кабыл алынды
Саясат
Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча токтом кабыл алынды

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жана ага күнөө коюу боюнча токтом кабыл алды. Аны жыйынга катышкан 105 депутаттын жүзү колдоп, 5 депутат каршы добуш берди.

Экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселесин талдаган депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысына бир катар улуттук долбоорлорду ишке ашырууда мыйзам бузган, Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр ташууда жеке компаниянын кызыкчылыгын коргогон, саясатчылар менен журналисттерди куугунтуктаган, кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотууну уюштурган деп жалпысынан 6 ишти иликтөө зарыл деген корутунду чыгарган. 

Парламент кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Аталган токтомду Башкы прокуратура талдап чыгып, экс-президенттин аракеттеринде кылмыштын белгилери бар деп табылса, көзөмөл орган аны кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү менен кайра Жогорку Кеңешке кайрылат. Макулдук алууда эл өкүлдөрүнүн үчтөн экисинин же 80 депутаттын колдоосу зарыл.