Жогорку Кеңеш “Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом кабыл алып, Башкы прокуратурага жөнөттү.
Көзөмөл органы эми материалдарды талдап, мурдагы мамлекет башчысынын аракеттеринде кылмыштын белгилери бар деп табылса, парламентке аны жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылат.
Эл өкүлдөрү Атамбаев президенттик кызматты аркалап турган учурунда аралашты делген 6 иш боюнча иликтөө жүргүзүү зарыл деген бүтүм чыгарды. Алар бир катар улуттук долбоорлорду ишке ашыруудагы коррупция, Жылуулук электр борборуна көмүр ташууда жеке компаниянын кызыкчылыгын коргоо, кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу жана башка иштер.
Анткен менен кол-тийбестикти алуу “конституцияга сыйбаган көрүнүш”, депутаттык комиссияны түзүүдө да эреже бузулган деген пикирди айтылды.
“52:52. Депутаттык комиссиянын түзүлүшү өзү талаш жаратууда. Себеби аны түзүүдө кызыкчылыктар кагылышы (конфликт интересов) эске алынбай калган. “Википедияда” кызыкчылыктар кагылышы деп адамдын жеке кызыкчылыгы чечим кабыл алууга таасир эткен учур эсептелээри жазылып турат. Комиссиянын курамында бул ишке жеке кызыкчылыгы бар адамдар кирип алган. Буга регламент тууралуу мыйзамыбыздын 9-10-беренелери жол бербейт”, - деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова.
Жыйын соңунда “Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом кабыл алынды. Аны отурумга катышкан 105 депутаттын жүзү колдоду.
Жогорку Кеңеш жөнөткөн материалдарды Башкы прокуратура талдап, эгер кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылса, көзөмөл органдын жетекчиси Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу өтүнүчү менен кайра парламентке кайрылат.
Бул учурда экс-президентти кылмыш жообуна тартууну үчүн эл өкүлдөрүнүн үчтөн экисинин же 80 депутаттын макулдугу керек.