Жаңылыктар
Ош базарына атайын рейд уюштурулуп, мыйзамсыз соодагерлер базардан чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош базарына атайын рейд уюштурулуп, мыйзамсыз соодагерлер базардан чыгарылды

Борбор калаадагы эң ири базарлардын бири болгон Ош базарындагы эң негизги көйгөй- көчөлөргө туруп алып мыйзамсыз соода кылгандар болууда. 

Аларды ирээтке келтирүү максатында Ленин райондук администрациясы түрдүү аракеттерди кылышса да эч майнап чыкпай жаткандыгын айтышты. Эми 120-берененин негизинде көчөдөн мыйзамсыз соода кылгандар 3 000 сомдон айып пул төлөшмөй болушту.

Соодагерлер сыртта соода кылуу ыңгайлуу экендигин жана базар ичинен сунушталган орундар аларды канаттандырбай жаткандыгын айтышты.

Соода борбордун ичиндегилер да чыгабыз деп жатышат. Алардын соодасы отпой калды. Алардыкы баары мыйзамдуу. Патент толошот. Ижарасын толошот, - деп билдирди Ош базарындагы соода борбордун директору Алмаз Иманбеков.

Кандай чара көрсө да баш ийбеген башаламандык Ленин районунун кызматкерлерин да тажаткандай. Баарынан да мындай көрүнүш калаа көркүн бузуп, ары-бери өткөндөргө да тоскоолдук жаратпай койбойт.

Айрым соодагерлер 12 жылдан бери сыртта туруп соода кылып жаткандарын, алардан мыйзамсыз акча чогулткандар да бар экенин билдирди. Айтымдарында сырттагы соода сатык кылуучу орунга ээлик кылгандар күнүнө 100 000ден 150 000 сомго чейин акча чогултуп алаарын айтышты.

Айтылган дооматтардын чын-төгүнүн бул аймакты караган башчылардан тактап көрдүк. Жол жээгинде мыйзамсыз соода кылгандар таштандыга гана акча төлөшпөсө бизге бир тыйын да беришпейт деген жооп алдык.

Кокус өрт чыгып калса, өрт очуруучу унаалар кире албай кыйналышат. Бул тууралуу дайыма айтылып келгени менен, коопсуздукту ойлогон жан жок.

Жай мезгилинин аптаптуу ысыгында чаң сапырылган жерлерден тамак-аш сатып алуу ден-соолук үчүн кооптуу экенин баарыбыз жакшы билген менен, болбой эле кайдыгерлик жеңип кетип жатканы өкүнүчтүү. 


Ал эми Кыргызстандын жүзү болгон борбор калааны ирээттүү кармоо бир гана шаар бийлигине керектей....