Жаңылыктар
ШКУ: Бишкек декларациясы
Саясат
ШКУ: Бишкек декларациясы

Учурда дүйнөлүк саясатта жана экономикада абал чыңалып турган кез. 

Экономиканын глобалдашуусу айрым өлкөлөрдүн бир тараптуу өз кызыкчылыктарын көздөгөн чараларынан жана эл аралык соодадагы түрдүү чакырыктардан көз каранды болуп турат. Мындай шартта эл аралык мамилелерди өз ара түшүнүшүү, тең укуктуулук жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде түзүү зарыл деп Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынтыктоочу документинде баса белгиленди.

Эл аралык коомчулукту азыр дүйнөдөгү башкы коркунучтар- терроризм, экстремизм жана сепаратизм маселеси түйшөлтүп, ага каршы биригүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. 

Экстремисттик идеялардын интернет булактарында жайылып жатканы да өзүнчө бир маселе.

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында терроризмге каршы “Тынчтык миссиясы” машыгуулары өтүп, коргонуу жана коопсуздук жаатында кызматташтык кеңейтилет. 

Ага катар декларацияда экономикалык өнүгүүнү камсыздоо үчүн каржы, инвестициялык, транспорт, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү негизги максат катары белгиленген. 

ШКУ мамлекеттери илимий техникалык, маданий гуманитардык байланыштарды бекемдеп, уюмдун мейкиндигинде жашаган элдердин маданий алакаларын өнүктүрөт. Бул максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек декларациясынан сырткары дагы 21 документ кабыл алынды.