Жаңылыктар
Айыл чарба тармагында реформа башталды
Айыл чарба
Айыл чарба тармагында реформа башталды

Буга чейин айыл чарба министрлигин бир нече ирет реформалоо боюнча аракеттер башталганы менен, аягына чыкканы байкала элек. 

Жаңы жетекчиликтин келиши менен тармактын ишин алдыга жылдыруу аракети кайрадан күч алды. Маселе өкмөттүк деңгээлге чейин жетип, айыл чарба багытында аткарыла турган милдеттер кабыргасынан коюлду.

Жаңы министрдин айтымында алдыда тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, кыргыз айыл чарба продукциясын илгерилетүү боюнча пландар турат. Ал үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо, ошондой эле агрардык өнөр жай комплексин санариптештирүү боюнча чараларды ишке ашыруу милдеттери бар.

”Реформа бул штаттарды кыскартуу же ачуу эмес, буга чейин ажырым болуп кеткен эл менен министрликтин ортосун жакындатуу, алардын көңүлүн буруу. Дыйкандар менен жакындан иштешип, аларга жардам берүү, колдоо көрсөтүү”, - деп билдирди министр.

Өкмөт башчы өзү моюнга алгандай элеттин эмгекчилеринин министрликтин дарегине айткан сын-пикири жөндүү. Андыктан ведомствонун жаңы жетекчилигинин алдында тармакты өнүктүрүү, заманбап агрардык технологияларды киргизүү, сугат жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарбасы үчүн зарыл шарттарды түзүү, дыйкандарды колдоо сыяктуу маанилүү милдеттер турат.

Калктын 70% айыл жеринде жашайт дейбиз, демек, айыл чарбасын реформалоо жана агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү жарандарыбыздын көп бөлүгүнүн жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Бирок көп жылдар бою айылдагы элибиз өзү менен өзү болуп, талыкпаган эмгеги менен гана бардык кыйынчылыктардан өтүп келди”, - деди премьер-министр.

Кыргызстандын экономикасында айыл чарба тармагы маанилүү орунда турат. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, башка тармактар сыяктуу эле, айыл чарбасы да көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. 

Калктын 70 пайызы элетте жашагандыктан, көпчүлүк дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенишет. 

Айыл чарба адистери тармактын ишин алдыга жылдыруунун биринчи кадамы катары, Союз учурундагыдай ар бир айылга бирден агроном жана зоотехник болушун сунуштоодо.

Тармакты алдыга сүрөөнүн дагы бир маанилүү багыты катары адистер кадр маселесин белгилешүүдө. Ушул кезге чейин иштин өтөөсүнө чыга албаган адистердин ордун алмаштырып, кесипкөй, тажрыйбалуу кадрлардын келишине шарт түзүп берүү керек. Айта кетсек, ушул тапта айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинде 5 000ге чукул кызматкер иштейт.