Жаңылыктар
Чүй облусунда Kara-Bulak Trail Fest аталган тоо марафону өтөт
Спорт
Чүй облусунда Kara-Bulak Trail Fest аталган тоо марафону өтөт

Чүй облусунда Kara-Bulak Trail Fest деп аталган тоо марафону өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады. Мелдешке Кыргызстандан тышкары Германия, АКШ, Австралия, Россия, Казакстан, Польша, Чехия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышары айтылды. Марафон 6-июлда өтөт. 

"Турнирдин максаты - спортту жайылтуу, дени сак жашоону бекемдөө, таза сууну жана жаратылышты таанытуу, эл аралык спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү", — деп айтылат маалыматта. 

Катышуучулар деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктикте турган "Кашка-Суу" тоо-лыжа базасынан баштап "Кара-Булак" эко-резорт эс алуу жайына чейин чуркашат.

Программада жарым марафон, таяк менен басуу, веложарыш жана командалар арасындагы мелдештер бар. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери акчалай сыйлыктарга жана белектерге ээ болору айтылды. Турнирди мамлекеттик спорт агенттигинин колдоосу менен Run the Silk Road эл аралык марафонунун дирекциясы, КРдин Маунтин Байкинг федерациясы, "Евразия" скандинавдык басуунун мектеби жана "Кара-Булак" эко-резорт эс алуу жайы өткөрүүдө.