Жаңылыктар
Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган кинокербен башталды
Маданият
Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган кинокербен башталды

Таласта белгилүү актер Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган кинокербен башталды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фонду билдирди. Кинематография департаменти уюштуруп жаткан иш-чарада Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" жана Төлөмүш Океевдин "Улан" тасмалары көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, Чокморов эки тасмада тең башкы каармандын ролун жараткан. 

"Чокморов тартылган тасмалар өлкөнүн бардык региондорунда тартууланат. Кинокербен айтылуу актердун туулган күнү болгон 9-ноябрда соңуна чыгат", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүйдүн Аламүдүнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган. Жараткан ролдору, актерлук чеберчилиги менен эстелик тургузуп кеткен залкар талант 1992-жылы 26-сентябрда узакка созулган оорудан каза тапкан.