Жаңылыктар
Крым менен Севастополго каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн узартты
Дүйнө
Крым менен Севастополго каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн узартты

Европа биримдиги Орусия тарабынан аннексияланган Крым менен Севастополго каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн бир жылга узартты. Мындай чечим аталган аймактардын 2014-жылы Орусия тараптан «мыйзамсыз каратып алынышына жооп катары» кабыл алынды. 

Евробиримдик Крым менен Севастополду Украинанын аймактары деп эсептейт. Санкциялар ЕБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары менен компанияларына Крымдан өндүрүмдөрдү импорттоого, ошондой эле жарым аралга транспорт, телекоммуникация жана энергетика тармактарындагы айрым товарлар менен технологияларды экспорттоого тыюу салат. 

Мындан тышкары, европалык компанияларга Крымда туристтик бизнес жүргүзүүгө болбойт. Бейшемби күнү түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берген Орусиянын президенти Владимир Путин санкциялардан улам Батыш өлкөлөрү Орусиядан кем эмес чыгымга учураганын билдирди. Путиндин пикиринде, кайсыл бир деңгээлде чектөө чаралары Орусияга пайда дагы алып келди, анткени «өлкө экономиканын бир катар тармактарын мобилизациялай алды». ЕБ Орусияга каршы бир нече жолу санкция киргизген. 

Алардын эң катаалы Орусиянын Донбасстагы жикчилдерди колдогондугуна байланыштуу киргизилген чектөөлөр. Евробиримдик санкциялар Минск келишимдери аткарылгандан кийин алына турганын бир нече жолу билдирген. Бүгүн мөөнөтү узартылган санкциялар Украинанын аймактык бүтүндүгү калыбына келгенге чейин күчүндө болору айтылган.