Жаңылыктар
“Мезгил, инсандар жана окуялар” аталган долбоордун биринчи этабы аяктады
Билим
“Мезгил, инсандар жана окуялар” аталган долбоордун биринчи этабы аяктады

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Мезгил, инсандар жана окуялар” деп аталган долбоордун биринчи этабы аяктады. Окуу жайда 2018-жылдын башында, тарыхты билүү жана аны кийинки муундарга өткөрүп берүүдө маалыматтар сакталып калуусу керек деген максатта атайын долбоор башталган. Анын алкагында бир жыл бою Кыргызстандагы көрүнүктүү 25 инсан менен маектешүү жүргүзүлүп, айтылган маалыматтар тасмага тартылып, кагазга түшүрүлдү. 

Тарыхты унутта калтырбоону максат кылган долбоор кийинки окуу жылдары кайрадан уланат. Ушул тапта тартылган тасмалар чогултулуп, даректүү тасма даярдалды. Ал эми жакынкы арада кагазга түшүрүлгөн маалыматтардын жыйындысынан алгач кыргызча, кийинчерээк түркчө китеп чыгаруу пландалууда.

“Бүгүнкү күндө дүйнө илиминде окумуштуулар жазылбаган тарыхка абдан маани берип, изилдеп жатышат. Бул долбоордун материалдары да келечекте тарыхты изилдөөгө пайдалуу болот деген ойдобуз”,- дейт Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин деканы Лайли Үкүбаева.