Жаңылыктар
Суусамыр өрөөнүндө Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленет
Маданият
Суусамыр өрөөнүндө Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленет

Үстүбүздөгү жылдын 29-30-июнь күндөрү Суусамыр өрөөнүндө даңазалуу балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. 

Салтанаттуу маараке ачык асман алдында өтүп, анда Улуттук филармониянын, Чүй облустук театры менен Жайыл райондук маданият бөлүмүнүн артисттери концерттик программа жана театралдашкан оюн-зоок тартуулайт. 

29-июнда эртең менентен кечке чейин Кожомкул айылындагы ат майданда көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ат көтөрмөй, таш көтөрмөй оюндары өтөт. Жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземи эртеси болот.