Жаңылыктар
Пенсионерден пара алган Соцфонддун кызматкери кармалды
Коррупция
Пенсионерден пара алган Соцфонддун кызматкери кармалды

Социалдык фонддун Сузак району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары өзүнүн кабинетинде жергиликтүү тургундан 10 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлгандай, Социалдык фонддун кызматкери пенсия чегерүү үчүн документтерди жасоо үчүн акча сураган. Ал жалпы 22 миң сом талап кылган. Кармалган учурга чейин ал 13 миң сом алган. Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 21-июнда сот анын бөгөт коюу чарасын карайт.