Жаңылыктар
Кыргызстанда соода жүгүртүүнүн көлөмү өстү
Экономика
Кыргызстанда соода жүгүртүүнүн көлөмү өстү

Өткөн жылы Кыргызстанда соода жүгүртүүнүн көлөмү 6,7 миллиард долларды түзгөн. Анын үчтөн эки бөлүгү Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттерге туура келет. Бул болсо жалпы соода жүгүртүүнүн 71 пайызы. 

Кыргызстан Кытай менен ШКУнун алкагында кызматташтыгы бул биринчиден ири базарга чыгуу мүмкүнчүлүгү. Айрыкча ун өндүрүүчү ишканалар үчүн жаңы шарттар түзүлүүдө. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында Кытайга ун экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду.