Жаңылыктар
Кыргызстан - Индия кызматташтыгы жакшырды
Айыл чарба
Кыргызстан - Индия кызматташтыгы жакшырды

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү тарабынан бир нече документтерге кол коюлду. 

Алардын бири Кыргыз улуттук агрардык университети менен Индиянын Багбанчылык жана токой чарба университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум. Келишим айыл чарба тармагында кызматташууга багытталган.