Жаңылыктар
Башкы прокуратура Атамбаев аралашты делген алты ишке укуктук баа берет
Саясат
Башкы прокуратура Атамбаев аралашты делген алты ишке укуктук баа берет

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаев аралашты делген алты ишке укуктук баа берет. Экс-президенттин аракеттеринде кылмыштын белгилери аныкталса көзөмөл органы Жогорку Кеңешке анын кол тийбестигин алуу өтүнүчү менен кайрылат. 

Парламент депутаттык комиссия чыгарган корутундуну карап чыгып, Атамбаевге күнөө койгон токтом кабыл алды. Эл өкүлдөрү мурдагы мамлекет башчысы бийликти узурпациялаган жана коррупцияга аралашкен деп эсептейт.