Жаңылыктар
Дмитрий Бивол өзү туулуп-өскөн кыргыз жергесине келди
Спорт
Дмитрий Бивол өзү туулуп-өскөн кыргыз жергесине келди

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол өзү туулуп-өскөн кыргыз жергесинде. Ал Ысык-Көлгө машыгууга келген. Дүйнө чемпиону КТРК Спорт каналына түз эфирде эксклюзив маек куруп, “Ала-Тоо 24” каналына интервью берди. Анда Дмитрий Бивол Кыргызстан -менин мекеним, меймандос эли, табияты кооз жерим менен сыймыктанамын, -деди. 

Муну менен катар дүйнө чемпиону кыргыз боксунун келечеги тууралуу да сөз кылды. Белгилей кетсек, мушкер 1990-жылы Токмок шаарында төрөлгөн. 6 жашынан баштап бокс менен машыга баштаган. Кыргыз жеринде төрөлүп өскөн мушкер 15 жашында Орусияга көчүп кетип ошол жактын жарандыгын алган.