Жаңылыктар
Баткенде чарба тармагында ишкерлер менен талкуу болду
Аймак
Баткенде чарба тармагында ишкерлер менен талкуу болду

Баткенде майда фермердик чарбаларды, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды, сырьену жеткирип берүүчүлөрдү жана айыл чарба тармагында тейлөө көрсөтүүчүлөрдү колдоо жана алардын кирешелерин арттыруу боюнча талкуу болду. 

Жыйында 2018-2023- жылдар аралыгында ишке ашырылуучу “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорунун алкагында түзүлуп жаткан шарттар туурасында ишкерлерге түшүндүрмө берилди. Долбоор Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан ишке ашырылып, айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду тарабынан каржыланат. Негизинен ишкерлерге 100 миң долларга чейин гранттык жардам берилет.

“Ишкерлер менен чогуу иштеп, ошолордун кандай бир акча каражатын жогорулатуу боюнча ушул долбоордун алкагында иштеп атабыз. Бул иш чара негизи жеке ишкерлер менен чогуу иштеп эле 4 багытта иштейбиз. Жүндү иштетүү боюнча, сүт менен эт жана бал. Ошол азыркы эң негиги максатыбыз ушул 4 багыт боюнча ишти алып барганга мүмкүнчүлүк бар” - дейт долбоордун  координатору Нурлан Исабеков