Жаңылыктар
Көчмө клиника Нарын облусуна жетти
Ден соолук
Көчмө клиника Нарын облусуна жетти


Учурда, Туюк-Суу, Өрнөк, Миң-Куш, Жумгал райондорунда калктын саламаттыгын текшерип жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бир күндө дарыгерлерге 100дөн ашык жаран кайрылууда. 

Көчмө клиниканын иши менен Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жерине барып таанышты. Тургундардын саламаттыгын министр өзү да текшерүүгө алып, саламаттыкка байланыштуу көйгөйлөрдү укту. Космосбек Чолпонбаев Нарын облусунун жетекчилигине дары-дармек маселесин чечүү керектигин айтты.