Жаңылыктар
Атамбаевге карата айтылган айыптоолор
Кыргызстан жаңылыктары
Атамбаевге карата айтылган айыптоолор

Экс-президенттен парламент аркылуу кол тийбестикти алуу тажрыйбасы КМШ өлкөлөрүндө алгачкы жолу колдонулушу мүмкүн. Узап бара жаткан аптада бул маселе Жогорку Кеңештеги талкуунун өзөгүнө айланып, коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысы аралашканы айтылып жаткан тогуз иштин алтоону иликтөөгө негиз бар деген корутунду чыгарды.

Эл өкүлдөрү мурдагы мамлекет башчысы бир катар чуулгандуу коррупциялык иштерге аралашкан деп эсептейт. Укук коргоо органдары иликтеши зарыл деген иштер парламенттин бийик трибунасында тизмектелди.