Жаңылыктар
Апта ичинде өтө турган спорттук иш-чаралардын тизмеси
Спорт
Апта ичинде өтө турган спорттук иш-чаралардын тизмеси

Бул жумада кыргызстандык спортчулардын катышуусунда өтө турган иш-чаралардын тизмеси:

18-26-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында шахмат боюнча "Леонид Юртаевдин кубогу" деген аталышта эл аралык мелдеш болот. 

- 19-25-июнда Бостериде "Дени сак улут - өнүккөн өлкө" аттуу республикалык мелдеш өтөт. Мында спортчулар спорттун 9 түрү боюнча күч сынашат. Максаты - массалык спортту өнүктүрүү. 

- 19-29-июнь күндөрү шахмат боюнча окуучулар арасында Азия биринчилиги Ташкентте өтөт. 

- 23-24-июнь күндөрү бильярд боюнча Бишкектин ачык чемпионаты болот, ага өлкөнүн мыкты кийчилери катышат. 

- 26-июнь футбол боюнча АФК кубогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Бул D тайпасынын алтынчы турунда Кыргызстандын "Дордой" командасы менен Тажикстандын "Худжанд" командасы беттешет. Футбол кечки саат сегизде башталат. 

- 26-28-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында пляждык волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты болот. 

- 26-июндан 2-июлга чейин Бостери шаарында "Ден соолук" спартакиадасында билим мекемелеринин кызматкерлери беттешет. 

- 27-28-июнда Бишкекте дзюдо боюнча турнир өтөт. 

- 30-июнда футбол боюнча аялдар арасында Кыргызстандын чемпионаты орун алат. 

- 30-июндан 9-июлга чейин шахмат боюнча Индонезияда өтө турган өспүрүмдөрдүн Азия чемпионатына кыргызстандыктар да барат.