Жаңылыктар
Президенттин төрагалыгында өнөр жай жана ишкерчилик комитетинин отуруму өттү
Экономика
Президенттин төрагалыгында өнөр жай жана ишкерчилик комитетинин отуруму өттү

Бүгүн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин өнөр жай жана ишкерчилик боюнча комитетинин алгачкы отуруму болот. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылат. 

Жыйында өнөр жай, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайындагы кырдаал жана анын келечеги талкууланмакчы. Талкууга мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышат. Комитет мамлекет менен ишкерлер коомун байланыштыруучу аянтча болуп, инвестициялык чөйрөнү жана өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүнү көздөйт.