Жаңылыктар
Мини-футбол боюнча кайрымдуулук турнири өттү
Спорт
Мини-футбол боюнча кайрымдуулук турнири өттү

Борбор калаада мини-футбол боюнча кайрымдуулук турнири өттү. Беттеш "Биз - силердин балдарыңарбыз" деп аталды. Иш-чарада чогулган каражат карылар үйүнө берилет. 

Спорттук иш-чара быйыл экинчи жолу өтүп жатат, былтыр башталган оюн мини-футбол жана волейбол боюнча өтөт. Турнирге депутаттар, ишкерлер, блогерлер, журналисттер жана эстрада жылдыздары болуп, 10дон ашык команда катышты. Ал эми волейбол боюнча турнир 29-июнда болот.