Жаңылыктар
"Ак-Жол" өткөрмө пунктунан мыйзамсыз тамеки таашыган унаа кармалды
Кылмыш
"Ак-Жол" өткөрмө пунктунан мыйзамсыз тамеки таашыган унаа кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте 23-июнунда кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Ак-Жол” контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан акциздик маркалары жана тиешелүү уруксат берүүчү жана башка документтери жок тамеки продукциясын алып өтүп бара жаткан автомашинаны кармашты. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.  

Бардыгы болуп болжол менен 3 миллион сом суммадагы 59 миң 500 кутуча тамеки аныкталган. Тамеки буюмдары менен автомашина убактылуу токтотуучу жайга коюлду. Бузуу материалдары мыйзамга ылайык мындан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдик топко берилди.