Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков: "Өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл"
Экономика
Сооронбай Жээнбеков: "Өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл"

«Бизнес мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизе алышы керек». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында билдирди. 

Мамлекет тарабынан жасалып жаткан аракеттерге карабастан, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча реалдуу жыйынтыктар болбой жатканы баарыбызга маалым. Бизнесмендер жана ишкерлер, мамлекеттик органдардын пикирине дал келбеген көз караштарын билдирип жатышат. Ошондуктан, бизнес менен мамлекеттин ортосунда чыныгы диалог түзүлбөй жатат. Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушуна аракет жасоо зарыл. Ал эми бизнес болсо өнүгүү процессинин тең укуктуу катышуучусу болушу керек. Өнөр жай тармагын өнүктүрбөй туруп, өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эместиги талашсыз, - деди өлкө башчысы. Сооронбай Жээнбеков аталган комитеттин алдыга коюлган максаты тууралуу да сүйлөп, өнөр жайды өнүктүрүү жана модернизациялоо максатында жагымдуу бизнес чөйрөнү калыптандыруу боюнча туруктуу негизде талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу - комитеттин приориттетүү иш-мерчеми экенин баса белгиледи. 

"Санарип технологияларды киргизүүнүн эсебинен экономиканын структурасы өзгөрүп, жаңы товарлар гана эмес, таптакыр жаңы экономиканын тармактары пайда болууда. Электрондук соода жана акылдуу логистика аркылуу чыгарылган продукциянын наркы кыйла төмөндөөдө", - деди Президент. 

Мамлекет башчысы ошондой эле, ЕАЭБдин алкагында биздин өндүрүүчүлөр биримдиктин ишкерлери менен кооперация түзүп, тең ата болуп иштөөсү керектигин айтты. Кумтөрдү эске албаганда, мамлекеттик бюджетке тоо-кен тармагындагы ишканалардан түшкөн киреше болгону 2 млрд сомдон ашпайт. Демек, өнөр жайдын дээрлик жарымына барабар болгон көлөмдү башка өндүрүштөр менен ордун толуктоо маселеси турат. Алтын казуудагы өзгөрүүлөр, мисалы, алтынга болгон баа, өндүрүү технологиялары, саясий процесстер, табигый катаклизмдер — биздин өнөр жайды дароо артка тартат. Ошондуктан Өкмөт, өлкөнү алтын казуудан түздөн түз көз каранды болуп калуу тобокелдигинен арылта турган концепцияга өтүүсү керек, - деди Сооронбай Жээнбеков. Ошондой эле, жалпы өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл экендигин өлкө башчысы белгиледи.