Кыргызстандын жеңил өнөр жайы 2018-жылы 127 миллион 800 миң сом салык төккөн. Бул тууралуу Жеңил өнөр жай ассоциациясынын президенти Сапар Асанов Өнөр жай жана ишкерчиликти өнүктүрүү комитетинин алгачкы жыйынында билдирди. Анын айтымында, жеңил өнөр жайы - экономиканын социалдык жактан мааниси чоң тармак. 2018-жылы бул тармак 221 миллион долларлык товар экспорттогон.
Ошондой эле, Сапар Асанов Орусияда Кыргызстанда тигилген кийимдерге суроо-талап күчөп жатканын билдирди. "Бул тармакта Өзбекстан биздин эң башкы атаандашыбыз", - деди ал. Учурда жеңил өнөр жайын өнүктүрүү жана товардын сапатын жогорулатуу үчүн атайын долбоорлор иштелип чыгууда.
"Биз экономикага эмес, социалдык чөйрөгө багытталган тармакпыз. Учурда керек болсо кездемелерди да өзүбүздө өндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Азыр ата мекендик бренддерди колдоп, сырткы рынокко басым жасашыбыз керек", - деди Сапар Асанов.