Жаңылыктар
Четтен кирген дарбыздар жергиликтүү базарга таасирин тийгизүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Четтен кирген дарбыздар жергиликтүү базарга таасирин тийгизүүдө

Жалал-Абадда дарбыз бышып, терим башталды. Учурда Аксы районунун Үч-Коргон жана Ноокендин дыйкандары түшүмдү үзүп жатышат. Көпчүлүгү камдаган дарбызын борборго жөнөтүшүүдө. Дыйкандардын айтымында, быйыл баа өткөн жылга салыштырмалуу төмөн. Жергиликтүү базарга чет жактан кирген дарбыз баага таасирин тийгизүүдө дешет. Белгилеп кетсек, өлкөдө бакча өсүмдүктөрүнөн дарбыз, коон Жалал-Абадда биринчи болуп бышат.

“Мен 1 гектардан 30-40 тонна түшүм алам деп турам. Жаман эмес. Бирок, базардагы баа жакшы болбой жатат. Чет жактан кирген дарбыздар көп. Ошолор бааны түшүрүп койду. Азыр жеринен 1 кг 14 сомго чейин сурап келүүдө”,- дейт Аксы районунун тургуну Асан Чойбеков.