Жаңылыктар
Ак-Суу районунда жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө
Аймак
Ак-Суу районунда жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Ак-Суу районунда быйылкы жылы жети жарым чакырым жол салынат. Жолчулардын билдирүүсүндө май айынан бери Боз-Учук - Энчилеш айылында бир чакырым, Тепке айылы менен Курбу айылын бириктирип турган каттамда эки чакырым жол салынып бүттү. 

Азыркы тапта Каракол-Раздольное айыл жолунда бир жарым чакырым жол салынып жатат. Август айларына чейин Шапак айылына бир чакырым, Ак-Суу курортторуна кетүүчү жолдо бир чакырым жана Пионер айылына бир чакырым жаңы жол салынат. Мындан сырткары, район ичиндеги алты чакырым жолдо кум шагыл төгүлүп, кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

"Тепке-Курбу айылдарын бириктирип турган жол толугу менен бүттү. Ал эми азыр жасап жаткан жол Каракол-Раздольное жолу. Бул жерге бир жарым чакырым жаңы жол түшөт. Муну дагы аяктап калдык. Бүгүн кечке чейин бул жумушту соңуна чыгабыз. Биз ошондо быйылкы жылдын титулуна кирген жол каттамын жарым жылдык менен ийгиликтүү аяктайбыз",- деди №11 жол мекемесинин жетекчиси Тариэл Жаныбеков.