Жаңылыктар
Президент опера жана балет театрынын жамааты менен жолукту
Маданият
Президент опера жана балет театрынын жамааты менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына барып, театрдын жамааты менен жолукту. Жолугушууда театр жамаатынын мүчөлөрү классикалык көркөм өнөр чөйрөсүндөгү жетишкендиктери менен бирге кечиктирбей чечүүнү талап кылган чарбалык жана социалдык-турмуштук маселелер турганын Президентке айтышты. 

Биринчи кезекте, алар театр кызматкерлеринин маянасын көбөйтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кароо керек дешет. Мекеменин имаратын капиталдык оңдоо, азыркы репертуарга кирген спектаклдерди коюуну калыбына келтирүү, оркестрдин аспаптарын жаңыртуу, чыгармачыл кадрлардын жетишсиздиги маселесин чечүү да зарыл. 

Президент Алмазбек Атамбаев театр жамаатынын маянасын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн табууну, ошондой эле кийинки жылдын бюджетинде Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имаратын толук капиталдык оңдоого зарыл болгон каражатты табууну Өкмөткө тапшырды.