Жаңылыктар
Депутаттык комиссиянын корутундусу Башкы прокуратурага жиберилди
Саясат
Депутаттык комиссиянын корутундусу Башкы прокуратурага жиберилди

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын корутундусу Башкы прокуратурага жиберилди. 

Эскерте кетсек, экс-президентке коюлган айыптоолор боюнча аталган комиссиянын чечимин 100 депутат колдогон. Мунун негизинде Башкы прокуратура парламенттен Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратууну сураса болот. Башкы прокуратуранын маалыматында, азыр комиссиянын корутундусу каралып жатат. 

Комиссия Атамбаевди түздөн-түз эч ким күнөөлөп жаткан жок, бирок анын күнөөсүн далилдөөчү далил жана көрсөтмөлөр бар экендигин белгиледи. Ошондой эле, Жогорку Кеңеш айыптоого тиешелүү органдардын гана укугу бар экенин билдирет.